2018-жылы Ара-Көл айылында жаңы мектеп салынып баштаган. Быйыл 2023-жылы бүтүп, күзүндө ишке берилет деп күтүлүүдө.
Ара-Көл орто мектеби 2018-жылдан салынып башталган. Ал эки кабаттан туруп, жаңы заманбап стандарт менен 150 орундук класс болуп салынууда. Анда класстардан тышкары актовый зал, спорт зал, лабораториялары, санузелдери да бар. Мектептин курулушунун бүтүшү «СК ШЕР КУРУЛУШ» ЖЧКсынын аткаруучулардын айтуусунда 2023-2024 — окуу жылына ишке берилет.
Ара-Көл орто мектебинин 8-классынын окуучусу Нуртилек Айтбеков: «Мен Нуртилек Айтбеков Ара-Көл орто мектебинин 8-классынын окуучусумун жана президентимин. Жаңы мектептин ишке берилишин абдан кубануу менен күтүп жатам. Мен эле эмес бардык окуучулар күтүп жатат деп ойлойм. Мектеп ишке берилсе жаңы мектеп менен кошо, жаңы күч менен, жаңы дем менен окууну улантып, ар кандай иш- чараларды көп-көптөн өтүп турабыз. Жаңы мектеп деген гана аты болбостон, окуучулардын аң сезими дагы жаңырат деп ишенем.
Дагы айта кетсек жаңы мектеп ар дайым жылуу болуп турат. Дене тарбия сабактарында сыртка чыгып үшүбөй, спортзалдан ойнойбуз.
Азыркы мектеп дагы кичинекей болгону менен, канча деген мыкты окуучулар чыкты, мыкты окуучулар бүтүрүштү. Мектеп кичинекей болсо дагы окуучулар билимге суусап турат. Жаңы мектеп салынса билимге болгон кызыгуу ого бетер күчөп, мыкты жыйынтыктарды көрсөтөбүз. Мектеп күзүндө ишке берилет дегенде баардык окуучулардын сүйүнүчүндө чек жок. Азыр мектепте жалпысынан 150 гө жакын окуучу окуйт. Ал эми мектебибиз болсо азыркы замандын талабына жооп бербейт.
Жаман деп да айта албайсың, жакшы деп да айта албайсың. Бирок билим алууга болот. »
Таалай Маратов