АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Лингва Инновациялык билим берүү Фонду менен биргеликте Бишкекте жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жаш адистер үчүн англис тили программасынын үчүнчү когортасын баштады.
К.Баялинов атындагы китепкананын Америка бурчунда 2022-жылдын жабылыш аземин жана гибрид форматтагы 2023-долбоордун ачылыш аземи офлайн жана онлайн форматта болду. Шартка байланыштуу Жаңы-Жер медиа борборунун кабарчылары Zoom программасы менен катыша алды.

Учурда КТРК нын имаратындагы ресурстук борборунда жаш адистер үчүн англис тили программасы журналистер жана медиа адистери үчүн англис тили курсу акысыз окутулуп жатат. Бул окутууга Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү болгон Жаны-Жер медиа борбору дагы катышууда.

Программанын катышуучуларына алдыңкы чет элдик басмалар чыгарган оригиналдуу окуу китептери берилди. Англис тилин жогорку квалификациялуу мугалим үйрөтүүдө.
Турсун Омуралиева