11-апрель күнү «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыктарыны менен тааныштырды. Өлкө боюнча 541 аксакалдар соттору иштейт.
Изилдөө отчётунда аксакалдар сотторунун портретине сыпаттамалар, алардын ишмердүүлүгүнүн айрым мыйзам ченемдүүлүктөрү, институттун актуалдуулугу, натыйжалуулугу, туруктуулугу, башка мамлекеттик органдар жана коомдук институттар менен кызматташуусу, ошондой эле бүгүнкү күндөгү гендердик- зомбулук көйгөйлөрү камтылган. Алынган жыйынтыктар КР аксакалдар сотторунун институтун мындан ары чыңдоо жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, алардын ишин жакшыртуу боюнча мындан аркы иш-чаралар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн колдонулат.
Иликтөө 2022-жылдын июль–ноябрь айларынын аралыгында республиканын 11 аймагында, анын ичинде 7 аймакта, республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн алкагында республиканын 7 аймагындагы 14 аксакалдар соту текшерүүгө алынган. Изилдөөгө 369 респондент катышты, алардын 203ү (55%) эркектер жана 166сы (45%) аялдар. Изилдөөдө эң улуу аксакалдар сотунун мүчөсү 104 жаштагы ата, аялдар арасында эң улуусу 86 жаштагы апа экендиги маалым болгон. Ошондой эле аксакалдар сотунун эң жаш мүчөсү 23 жашта.
Аксакалдар сотторунун билим деңгээли боюнча: эркектердин 35 пайызы жогорку билимдүү болсо, аялдардардын 43 пайызынын жогорку билими бар экен.
Аксакалдар сотторунун статусунун белгисиздиги, укуктук карама-каршылыктар жана активдүү аксакалдар сотторунун саны жөнүндө так маалыматтын жоктугу, гендердик зомбулук маселелерин чечүүдө аксакалдар сотторунун компетенттүүлүгү жана ролу жөнүндө пикир келишпестиктер, аксакалдар сотторунда аялдардын өкүлчүлүгүнүн аздыгы изилдөөгө себеп болгон. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын берген маалыматы боюнча, учурда республикада 541 аксакалдар соту болсо, Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн жалпы саны 3282 адамды түзөт, анын ичинен 2764 (84%) эркектер жана 518 (16%) аялдар) аялдар. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн эң көп саны 61 жаштан 70 жашка чейинки курактагылар, бул аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн жалпы санынын 47%ын түзөт. Бул тенденция эркектерге (47%) жана аялдарга (45%) туура келет. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын маалыматы боюнча, өлкө боюнча аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн 35%ы жогорку билимдүү, 23%ы орто кесиптик жана 42%ы орто билимге ээ.
Кыргызстандагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү тууралуу изиздөөнүн жыйынтыктары тууралуу изилдөөнү толугу менен roza.kg сайтынан https://roza.kg/initiative/democratic-governance/43 көрө аласыздар. Изилдөө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ эксперттери тарабынан USAIDдин колдоосунда «Ист-Вест Менеджмент Институту» (EWMI) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Укук булагы» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. USAIDдин «Укук булагы» долбоору сот тутумунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, гендердик-зомбулукка жана адамдарга багытталган сот адилеттигин илгерилетүү жана жемкорлукту (коррупцияны) азайтуу аркылуу жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Айгерим Кубатбекова