10-апрелде Бишкек шаарында жайгашкан «Европа» мейманканасында «Апалар кыздарды колдойт, кыздар гендердик зомбулукту жеңет» аттуу кинофестивалдын жыйынтыктоочу аземи болуп өттү. Ага Кыргызстандын 7 облусунан мектеп окуучулары, мугалимдер жана уюштуруучулар катышышты.

Мамырбай Дооронов
«Аталар кыздарды колдойбуз» кыймылынын координатору Мамырбай Дооронов бүгүнкү иш-чара боюнча төмөнкүлөргө токтолду: «Бүгүнкү фестиваль «Апалар кыздарды колдойт, кыздар гендердик зомбулукту жеңет» аттуу кинофестивалдын жыйынтыгына багытталган. Бул кинофестивальга 3 ай убакыт берилген. Бүгүн жеңүүчүлөрдү сыйлоо алдында турабыз. Бул мобилдик кинофестиваль боюнча сынак 10-18жашка чейинки кыздар арасында жарыяланган. Сынактын негизги максаты, идеясы «Бир кыздын тарыхы, миң кызга сабак» деген идеянын негизинде видео роликтерди тартуу.

«Аталар кыздарды колдойт» уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Шаршен Макешев
Ысык- Ата районуна караштуу Жапаркул Алыбаев жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими жана «Аталар кыздарды колдойт» уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Шаршен Макешев мындай деди:
«Бүгүн Мобилдик кинофестивальдын 7-сезонунун жыйынтыктоочу бөлүмү «Европа» мейманканасында өтүп жатат. Мен кубанып турам, анткени кинофестиваль мыкты деңгээлде уюштурулуптур. Фестивальдын негизги максаты кыздардын өз укугун билүүсү, ар кандай коомдогу терс көрүнүштөрдөн, зордук зомбулукту алдын алуу, алдыга карай кадам таштоо, ата-энеге, коомго болгон мамилеси, ден-соолугуна мамилеси жана ошондой эле өзүндө болгон лидерлик сапатын жогорулатуу. Андан тышкары бул фестивальдын өтүшү абдан кубанаарлык нерсе, анткени 7 облустун өкүлдөрү жана «Улуттук кыздар федерациясынын» жетекчилеринин ортосунда болуп жатат».

Азиза Тургунова баш байгенин жеңүүчүсү
Мобилдик кинофестивальдын баш байгесинин жеңүүчүсү, Кадамжай районунан келген 7-класстын окуучусу Азиза Тургунова биринчи орунду алам деп ойлобогонун айтат. Себеби анын атаандаштары абдан күчтүү болчу. «Сүйүнүчүмдү сөз менен жеткире албайм»,- дейт Азиза.

Айпери Шаршеналиева 3-орундун ээси
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучусу Айпери Шаршеналиева 3-орунду багындырды.
Айпери Шаршеналиева