10-апрелде Бишкек шаарында жайгашкан «Европа» мейманканасында «Апалар кыздарды колдойт, кыздар гендердик зомбулукту жеңет» аттуу кинофестивалдын жыйынтыктоочу аземи болуп өттү. Ага Кыргызстандын 7 облусунан мектеп окуучулары, мугалимдер жана уюштуруучулар катышышты.
17-18-19-февраль күндөрү Кочкор районунун Эпкин айылындагы А.Мааткеримов атындагы орто мектебинде «Апалар кыздарды колдойт, кыздар гендердик зомбулукту жеңет» аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. Тренинг «Улуттук кыздар федерациясынын» колдоосу менен ишке ашты.