17-18-19-февраль күндөрү Кочкор районунун Эпкин айылындагы А.Мааткеримов атындагы орто мектебинде «Апалар кыздарды колдойт, кыздар гендердик зомбулукту жеңет» аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. Тренинг «Улуттук кыздар федерациясынын» колдоосу менен ишке ашты.
Ага райондогу мектептердин оуучулары жана мугалимдери катышты. Тренингге жалпысынан кырктан ашуун адам катышып, үч күнгө созулду.
«Бүгүнкү иш-чара Кочкор районунда кыздар кеңештеринде өтүп жатат. Тренингдин максаты өспүрүм кыздарга болгон гендердик зомбулук жөнүндө билимдерин кеңейтүү. Ошондой эле ушул багытта мобилдик фильм тартып, кинофестивалга катышууга жөндөмдөрдү үйрөтүү максатында келдик».
Мен Айпери Жумакадырова «Улуттук кыздар федерациясы» кеңешинин төрайымы, кыздар медиасынын жетекчиси жана андан тышкары медициналык колледжде 3-курста окуйм. Бизде үч күндүк лагерь Кочкор районунун Эпкин айылында старт алды. Тренингге Жумгал, Ат-Башы жана Кочкор районунун мектептеринен катышышты. Бул иш-чаранын максаты кыздардын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин ачып берүү жана ошондой эле тренинг менен тренердин айырмачылыгы тууралуу кененирээк талкуу кылдык. Ошондой эле бул жерден жаңы досторду таптым.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу А. Мааткеримов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Азамат Кулмат уулу мындай деди:
«Үч күндүк тренингде көптөгөн маалыматтарды алдым. Биринчиден кыздардын укугун колдоо жана ар кандай гендердик зомбулуктан сактоо керек экенин билдим. Гендердик зомбулук жөнүндө айта кетсем, гендердик зомбулук көбүнчө ата-энелерден кетиши мүмкүн. Мисалы, эркек бала же кыз келечектеги кесибин тандоодо өзүнүн максатын айтса, ата-энелер ага көпчүлүк учурда тоскоол болушат».
Өтүлгөн тренинг тууралуу «Нарын кыздар федерациясынын» тең тренери Асылай Медетбекова буларга токтолду: «Үч күндүк тренинг мага абдан жакты. Мен билбеген кызыктуу жаңы маалыматтарды алдым. Тренинг-семинар оюн, ыр, бийлер менен коштолуп абдан кызыктуу өттү. Бул тренингде кыздарга көрсөтүлгөн гендердик зомбулук боюнча жакшы түшүнүгүм жок эле, эми мен бул тренингге катышып, окуп тапшырмаларды команда менен аткарып көптөгөн маалыматтарды өзүмө ала алдым».
Бакыт Кожокматов