Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында тынымсыз жааган кардын калыңдыгы бүгүн 75-80см жетти. Кардын жааганы али токтой элек. Айыл өкмөт башчысы Жыргалбек Маметовдун маалыматына караганда ички жолдорду эски экскаватор менен сүзүп тазалашкан.
“Бирок кардын оордугуна байланыштуу тетиги сынып, жарактан чыкты. Азыр муниципалдык трактордун жардамы менен жолду таптап, тургундардын айыл ичиндеги каттамын калыбыныа келтирүү иштери жасалып жатат. Ал эми кечээ райондун борборунан чыккан грейдер түндө көпүрөдөн чыга албай, айылга бузулуп калган. Айылга жол жабылып, Бишкек шаарынан келе жаткан тургундар айылга кире албай жолдо калышкан. Жүктөгүч техника менен кар тазаланып, жолдо калган унаа жүргүнчүлөргө жол ачылды”,- деди.
Мындан сырткары райондун борбору менен байланыш болуп жатканын айтты.