Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө жыйын өттү. Жыйынга айыл өкмөт башчысы, жайыт комитетинин жетекчиси жана айыл тургундары катышып, бир катар жаңылануулар тууралуу маалымат берилди.
Жыйындан көрүнүш
Тунукбек Токтомушов Чолпон айылынын жайыт комитетинин төрагасы:
«Бүгүнкү жыйналышта көчүп конуу, малдын акысы, деградация жайыт жерлерин, малды кантип сактап калабыз, ортоңку алыскы жайыттарга кантип чыгаруу, графиктерди түзүү боюнча айылдык кеңешке сунуштама киргизилет.
Андан тышкары, Нарын облусунун губернаторунун буйругунун негизинде 713 токтом, муниципалдык ишкана ачуу боюнча төрт тармак бириктирилип атат. Алар: «Таза суу», «Тазалык», «Жайыт», «СПА». Ушул төртөө биригип, бир ишкана түзүлүүдө. Ушунун негизинде элге жердин, жайыттын, суунун акысын кабыл алганга туура түшүндүрүп берүү».
Айыл тургундары өз ойлорун айтышты
Айчүрөк Сапаркулова