Токтогул районунун мамлекеттик администрациясында район башчысы–аким Урматбек Самаевдин төрагалыгында кезектеги жыйын өткөрүлдү. Ага шаар мэри, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө райондун социалдык-экономикалык абалы, калктын коопсуздугу жана алдыдагы маанилүү иш-чараларга көрүлүүчү даярдыктар боюнча бир катар актуалдуу маселелер ортого салынды. Жыйында биринчи кезекте билим берүү тармагындагы акыркы жаңылыктар каралды. Район акими быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгына токтолуп, тилекке каршы, аймактан «Алтын сертификат» алган окуучулардын чыкпагандыгына тынчсыздануусун билдирди. Бул багытта билим берүү сапатын жогорулатуу жана окуучуларды даярдоону күчөтүү боюнча сунуштар айтылды. 
Муну менен катар, жаштар арасында руханий баалуулуктарды өнүктүрүү максатында Куран окуу жана азан айтуу боюнча атайын сынак уюштуруу демилгеси көтөрүлдү. Быйыл Токтогул району үчүн өзгөчө жыл. Жыйында райондун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланып, уюштуруу иштерин сапаттуу деңгээлде өткөрүү милдети коюлду. Ошондой эле, учурда жайкы мезгил болгондуктан, балдардын жайкы эс алуусун коопсуз жана мазмундуу уюштуруу, алар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Күн тартибинде калктын саламаттыгына жана коомдук тартипке түздөн-түз байланыштуу төмөнкү маселелер каралды. Жайкы ысыкта жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, райондогу бал муздак саткан түйүндөрдүн санитардык абалын тез арада текшерүү тапшырмасы берилди. Борбордук базардын ичиндеги жана анын айланасындагы баш аламандыктарды жоюп, тартипке келтирүү талабы коюлду. Район аймагында ветеринардык дарыгерлердин жетишсиздиги олуттуу маселе экени белгиленип, бул көйгөйдү чечүү жолдору талкууланды.
Жыйындын соңунда ар бир багыт боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү талданып, алдыдагы негизги милдеттер такталды. Район башчысы Урматбек Самаев жыйында көтөрүлгөн бардык маселелер калктын жашоо-шартын жакшыртууга багытталганын белгилеп, тиешелүү мекеме жетекчилерине, шаар мэрине жана айыл өкмөт башчыларына бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Аким берилген тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы жеке көзөмөлүндө болорун өзгөчө эскертти.
Даярдаган: Азема Сабырбекова