Кочкор районунун Ишенаалы Арабаев атындагы орто мектебинде «Жол кыймылынын жаш инспекторлоруна 50 жыл» деген темада конкурс болуп өттү. Бул конкурстун максаты жаш балдарды мекенди сүйүүгө, коргоого үндөө.
Жол кыймылынын жаш инспекторлорунун конкурсу болуп өттү.
Конкурска 12 команда катышып, өтө мыкты деңгээлде өттү. 1-орунду «Ак жол», 2-орунду «Ак шумкар» ал эми 3-орунду «Эреже» командалары алышып, уткан командаларга сыйлыктар тапшырылды. Уюштуруучулардын, мугалимдердин жана окуучулардын эмгеги зор болду.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Авас Токтомбеков, Нуртилек Айтбеков