Ара — Көл жасалма көлү Кыргызстандагы эң чоң муз аянтчасы жана жай мезгилиндеги сугатка колдонулуучу көл. Бул жерге көп улуттун өкүлдөрү келет. Акыркы убактарда жергиликтүү жана чет өлкөлүк коноктордун сөзсүз келүүчү жайына айланды.
Ара-Көл
Ара-Көл суу сактагычы Кочкор районундагы жасалма көл. Кышкысын муз аянтчасы катары колдонулат. Жайкы мезгилде кадимкидей сугатка пайдаланууга берилет. Жээги кооз. Суу куйган куйма жеринде парк сымал бак-дарактар бар. Эс алууга эң мыкты табигый көркөм, кооз жер. Кышкысын муз аянтчасына айылдын эли коньки, чана, аттарды ижарага беришет жана көл жээгинде чай, кофе, ар кандай азыктарды сатып бизнес кылышат. Бул көлдө балыктардын бир нече түрлөрү бар. Кышкысын муз аянтчага көп улуттун өкүлдөрү келип, көлгө суктануу менен карап кетишет.
Таалай Маратов, Алибек Кайыпбеков.