Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылында жайгашкан Ара-Көл жалпы билим берүүчү мектеби 2023-жылдын 1-сентябрында жаңы курулуп бүткөн имараты пайдаланууга берилди. Бул мектеп 2018-жылдан бери мамлекеттик бюджетке киргизилип, 5 жылдан бери салынып келе жаткан.
Мектептин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын профсоздар уюмунун төрагасы Асылбек Токтогулов, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Турсуналиев, Кочкор райондук администрациясынын башчысы Эрмек Омошов, Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Эрнис Макишов келип катышышты.
Мектеп, мугалим менен окуучулардын талабына толук жооп берет. 8 классты Ирсалиев Рахатбек Молдобекович проектор менен камсыздап берген. Орус тили жана адабияты мугалими Медет Осмоналиев: ”Мектептин ачылганына кубанып жатабыз. Окуучулардын жүзүнөн жылмаюу кеткен жок. Ошондой эле сахна жылдыздары келип элдин маанайын көтөрүп беришти. Быйыл абдан чоң өзгөрүү болуп жатат. Заманбап мектеп ачылды деп айта алам”, — деген ою менен бөлүштү.
Мектептин сыйымдуулугу 150 орундуу. Мектепте 26 мугалим, 9 тех. персонал эмгектенип, 152 окуучу окуйт. Мектептин директору Рысбек Айдаркулов: “Бүгүнкү күндө мектеп толук бүткөрүлүп, бир аз сандагы эмеректери толук куралып бүтө элек. Ушул сентябрь айы менен курулуш компаниясынын жетекчиси калган инвентарларды курап бүтүп, өткөрүп беребиз деп убадасын берип жатышат. Ал эми бүгүнкү күндө балдарга жетиштүү стол, парта, мектепке киргизилип орнотулган. Мектепте спорт зал, ашкана бар. Жарык, таза, тыкан, бардык санитардык нормалар сакталып, жарыктандырылган. 150 кубаттуулугу менен кыргыз от казан орнотулган. 1 жылга 70 тонна көмүр сарпталат. Айыл өкмөткө тапшырык кеткен. Көмүр дагы айыл өкмөтү тарабынан түшүрүлүп берүү алдында турат. Мектеп дээрлик окуу жылына даяр. 4-сентябрдан баштап окуучулар жаңы мектептен билимин улап башташат”.
«Мага мектеп абдан жакты. Себеби баары жаңы жана ыңгайлуу экен. Өзгөчө спорт залы абдан жакшы салыныптыр. Бүгүнкү күн мен үчүн эң сонун күн болду», — деген ою менен 9-класстын окуучусу Марлен Эрлан уулу бөлүштү. Окуучулар алардын билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөнүнө ыраазы.
Нуртилек Айтбеков