Бакай–Ата айылындагы эски футбол аянтчасынын жанына жаңы үлгүдөгү кичи футбол аянты жасалып жатат.
Бул айыл жаштарынын спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт. Спорт аянтчасынын курулуш иштери тууралуу билүү үчүн Бакай–Ата айыл өкмөтүнүн юристи Нургазы Кенжегуловичке кайрылдык.
Жаңы футбол аянтчасын куруу демилгесин ким көтөрдү?
— Мини футболдук аянтын жасоону негизинен жаш депутаттар, айылдык кенештер, жаштардын демилгеси жана ARISтин колдоосу менен баштаганбыз.
Ким каржылап жатат?
— Аянтчанын каржылоосу эки тараптан болуп жатат. Жарымы айыл өкмөттөн, а калган жарымы болсо ARIS тарабынан берилүүдө.
Мунун жалпы аянты канча?
— 42.22 чарчы метр болуп эсептелинет.
Качан ишке берилет?
—Октябрдын этегинде буюруса ишке берилет деген ниеттебиз.
Футбол аянтчасын ким көзөмөлдөйт?
— Негизинен бул айыл өкмөтүнүн балансында болуп жатат.
Жаны футбол аянтчасынын курулуп жаткандыгына айылдагы футбол сүйүүчүлөр кубанып жаткандыгын жашырышкан жок.
Жаш футбол сүйүүчүлөр Эрнист жана Алижан бул футбол аянтчасынын пайдалуу экендигин төмөндөгүдөй билдиришти.
«Аябай жакшы болду. Бул газон бүтсө биз өтө сүйүнөт элек. Бул газондо мен жана менин досторум жалпы мектеп ойнойт элек да. Муну аким эртерээк [колдонууга] берсе жакшы болот эле», — дешет бакай-аталык жаш спортчулар.
– Ушул кичекей футбол аянтчасы бизге көп пайда алып келет деп ойлойм. Бизде дагы футболго кызыккан жаш балдар көп. Алардын арасынан ушул аянтчанын ичинен чыккан балдар жакында Жалал-Абад облусуна барып, жакшы ийгиликтерди алып келишти.
Спорт — ден–соолуктун булагы дегендей, бош убакытты туура пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткандыгына айыл жаштары ыраазы.
Даярдаган Орозалиева Айпери