Баетов айыл аймагында 1 – октябрь улгайган адамдардын күнүнө карата атайын иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы аким С. Черикбаев жана Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т. Турусбеков катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Иш чаранын жүрүшүндө сый тамак берилип, айылдык клубдун кызматкерлеринин жана жаш жеткинчектердин чакан концерттик программасы тартууланды.
“Баетов айыл аймагында учурда 70 жаштан 100 жашка чейинки 224 улгайган адамдар бар. Бүгүнкү сый дасторконго бардыгы чакырылган. Бирок 130 мейманыбыз келип, калгандары белгилүү бир шарттардан улам келе албай калышты. Ал эми 17 адамдын үйүнө барып, майрамдык маанай тартуулап, чакан белектерибизди берип келдик”- дейт Баетов айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Г. Нураева.
Даярдаган Калида Кубанычбекова, Сыдык Шамшыбеков