Рамазан айынын башталышы менен Суусамыр айылынын Кожомкул көчөсүнүн тургундары үчүн жакшы жаңылык болду. Көчөгө жарык үчүн прожекторлор коюлду. Буга чейин жарык коюла элек көчөлөр дагы бар болгон.
Көчөлөрдү жарыктандыруу Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан каржыланып ишке ашырылып келе жатат. Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев төмөндөгүдөй билдирди:
«Суусамыр өрөөнү боюнча көчөлөрдү жарыктандырууну Суусамыр айыл өкмөтү өз колуна алган. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каржыланат. Буга чейин дагы Суусамыр өрөөнүндөгү алты айылдын борбордук көчөлөрүнө прожекторлор коюлган. Алардын ичинде дагы ички көчөлөрдү жарыктандыруу бар. Быйылкы жылдын эсебинен дагы ички көчөлөрдү жарыктандыруу иштери жүрөт. Ошолордун бирин Суусамыр айылынан баштадык. 2021-жылга бюджеттен жарыктандырууга деп каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин дагы кийинки көчөлөрдү жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт».
Көчөнүн жарыктандырылышы тургундарга кубаныч алып келди. Кожомкул көчөсүнүн тургуну Чолпон Кулсариева бул жаңылыкка кубанганын билдирет:
«Биздин көчөгө жарык коюлганы көчө тургундарына жакшы кубаныч болду.Караңгыда көчөдө жүрүү коркунучтуу эле. Кошуналарга баруу дагы караңгыда кыйын болчу.Ал эми азыр балдарыбызга да жакшы коркушпайт. Көчө тургундары үчүн кубантарлык көрүнүш сыртка чыксак жарык болуп коркпой калдык. Баарыбыз үчүн чоң сүйүнүч болду. Буга чейин Айыл өкмөтү тарабынан көптөгөн көчөлөр жарыктандырылган болчу. Айыл өкмөтүнө ыраазычылык билдирем. Иштери дагы да уланат деген ойдомун. Иштерине ийгилик».
Азиза Тамчиева