( сүрөттө А. Халбеков)
Сүлүктү шаарынын аймагы боюнча 2016-жылы экономикалык каатчылык болуусу мүмкүн. Бул жагдай өндүрүгөн көмүрдүн баасы кескин төмөндөп кетишинен жана кардарлардын жоктугунан улам пайда болгону бүгүн өткөрүлгөн шаардын аткаруу комитетинин кеңейтилген отурумунда талкууланды.
Көмүр өндүрүүчү ишканалардын атынан Т. Ибрагимов шахтасынын директору, Кыргыз Республикасынын Өнөр жайына Эмгек сиңирген ишмер Асан Халбеков сөз сүйлөп, кырдаалга терең маани берип, облустун, керек болсо Өкмөттүн денгээлине чейин маселе коюп, алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча жергиликтүү бийлик ээлерине кайрылды. Мисалы Сүлүктүнүн көмүрүн Кызыл-Кыя цемент заводуна сатуу боюнча маселе чечилсе көйгөй чечилүүсүнө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Жарыш сөзгө шаардык Кеңештин депутаты Шамшидин Халов чыгып, баарын эле базар экономикасына шылтай бербей каатчылыкка каршы иш чара көрүлүүсү зарыл экендигин белгиледи.
Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик ээлери жогорку турган бийлик өкүлдөрүнө «кат» менен кайрыла турган болду.
Экономикалык каатчылыктан чыгуу программасы качан кабыл алынат?
Кабарчы: Б. Сапаркулов