Ак-Талаа районунун аймагындагы 18 орто мектептин тарбия жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулары үчүн ден соолук комитетинде атайын окуу өттү. Окуу Кыргыз-Швед саламаттыкты сактоо долбоору тарабынан каржыланып, окуучу балдардын ден соолугун чыңдоо максатын көздөйт.
Нарын облустук оорукананын ден соолукту чыңдоо комитетинин өкүлү Зиябек кызы Гүлзат долбоор боюнча түшүндүрмө берип кетти.
“Бул саламаттыкты сактоо жана билим берүү жана илим министрлигинин биргелешип кабыл алган резолюциясынын негизинде ишке ашып жаткан долбоор. Негизги максаты — балдардын ден-соолугун чыңдоо, алардын жаман адаттардан алыс болуусуна көмөктөшүү болуп саналат. Бул боюнча мектептерде класстык тарбиялык сааттар, ата-энелер чогулушу, ар кандай иш чаралар өтүлөт жана бул иштерди жасоодо мугалимдер бизге көмөктөшөт деп ишенебиз”, — дейт.
Окуунун жүрүшүндө тамеки, насвай чегүүнүн ден-соолукка зыяндуулугу, таза колдор, таза тиштер тууралуу видеокөргөзмөлөр көрсөтүлдү.
Ошондой эле катышкандар топтордо иштешип, презентация жасашты. Берилген маалыматка караганда таза кол жана таза тиштер 1-4-класстар, ал эми тамеки жана насвай боюнча иш чаралар 5-11-класстын окуучулары үчүн өтүүгө ылайыкталган. Ар бир мектептен келген өкүлдөргө китепчелер, жазылган видеокөргөзмөлөр берилди.
Даярдаган: Г. Мамытбекова