Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болуп саналат. Айылда 9 миңге жакын түтүн калк жашайт. Жакында мына ушул айылдын босогосу — кире бериш жолдун эки тарабы жергиликтүү бюджеттин эсебинен заманбап үлгүдөгү жарыктар менен жасалгаланып, бак-дарак, арчалар тигилет.
Ал эми бул иштер тууралуу айыл өкмөт башчы Т. Турусбеков: “Айыл райондун борбору болгондуктан меймандар, сырттан инвенсторлор көп келет. Кыргызда “эшигин көрүп төрүнө өт” дейт эмеспи. Жакшы таасир калтыруу, айылдын көркүн жогорулатуу максатында кайра жасалгалоо иштерин баштадык. Жарыктарды убагында күйгүзүп-өчүрүү милдети өзүбүздө болот” дейт.
Даярдаган: Г. Мамытбекова
Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат! Көчүрүп басууга тыюу салынат!