Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу биз айыл башчы Полот Табалдиев менен маек курдук.
Саламатсызбы, Чкалов айылы таза суу менен камсыз болуптур бул таза суу качан келтирилди?
— Чкалов айылы таза суу менен 2015-жылдын ноябрь айында камсыз болуп, сууну пайдалана башташкан.
Мурда таза суу жок мезгилде кайсыл жерден суу алат элеңер?
— Мурда биз мал ичкен, тоок ичкен, бүт эле жогорку айылдардын таштандылары агып келген сайдан суу алат элек.
Таза сууну кайсы жерден алып келдиңер?
— Бул жерден төрт жарым километр алыстыкта Кыр-таш деген жерде булак бар болчу, сууну ошол жактан алып келгенбиз.
Суу ким тарабынан алынып келинди?
— Бул ишке мамлекеттин салымы чоң, айыл өкмөтү жардам берди, албетте, элдер менен чогуу.
Канча каражат кетти?
— Жалпы каражатты эсептегенде 2009700 сом каражат кетиптир.
Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!
Автору: Адилет Канат уулу
Редактору: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды