Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылындагы көпүрө сел болгонуна байланыштуу тең экиге бөлүнүп калды. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат.
Чкалов айылынын башчысы Полот Табалдиевдин айтымында, көпүрө 2009-жылы курулган. Башында эле курулуп жатканда туура эмес курулуп ортосу өйдөрөк болуп калган эле, дейт Табалдиев.
«Кийин жакында сел жүрүп, сайдан суу көп агып, ошонун таасиринде көпүрө экиге бөлүнүп калды. Бул көпүрөнү оңдоого биздин каражат жетпегени үчүн башка айыл өкмөттөр да жардам берип жатышат», — деп билдирди Табалдиев.
Ошол айылдын тургуну Талантбек Аттокуровдун айтымында, азыркы кезде көпүрөдөн өтүп жатканда чочулап, балдары үчүн коркуп турушат.
«Тезирээк эле оңдоп беришсе жакшы болмок. Эгер оңдолбосо, анда биз аралда калып калгандай эле болуп калабыз», — деген айыл тургуну Аттокуров .
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды