Ушул жылдын 27-майда Кара-Чий айылындагы айылдык маданият үйүндө акыркы коңгуроо күнү белгиленди. Бул иш чараны бүтүрүүчү класстар мугалимдер менен бирдикте өткөрүштү.

Бул тууралуу М.Иманалиев атындагы орто мектептин директору Калыбек Касмалиев буларга токтолду.
«Биздин айылда акыркы коңгуроо күнү абдан жакшы өтүп жатат. Элдердин дагы, бүтүрүүчүлөрдүн дагы, мугалимдердин дагы маанайы абдан жакшы. Быйыл 11-класстан 24 окуучу бүтүрүп жатат. Бүтүрүүчүлөргө акжол каалайм.»
Ошондой эле 11-класстын класс жетекчиси Калмира Исмаилова өз оюн мындайча билдирди-«Мен 11-классты 5-класстан бери окутуп келем. Окуучуларымдын маанайы жакшы. Элге дагы жакшы маанай тартуулап жатышат. Окуучуларым илим-билимдүү, адептүү инсандардан болсо экен деп тилейм.»
Белгилей кетсек бүгүнкү кечеге райондук админстрациясынан Роза Жумаева келип катышты.
Даярдагандар: Аман Шаршенбек уулу, Индира Алмазбекова, Нуриза Аскарбек кызы