Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында атайын таштанды ташуучу техникалар алынган. Учурда ошол техникалар иштебей турат. Бул боюнча аталган айыл өкмөттүн кызматкери менен маек курдук.
Айылда таштанды маселесинде кандай көйгөйлөр бар?

— Бизде таштанды маселесинде көйгөйлөр жок. Себеби мурун техника жогунда таштанды ташылбай калган учурда көйгөйлөр болгон. Азыр таштандылар өз убагында ташылып, атайын бөлүнгөн аянтчага ташылып турат.
Ошол таштанды аянтчасы кайсыл жерде жайгашкан?
— Ал Ак-терек айылында, же Кожо-Арык айылына караштуу Ак чаңгал мазарынын жанында жайгашкан.
Айылдагы таштандылар толугу менен ошол жерге төгүлүп турабы?
— Ооба, ошол жерге кезек боюнча төгулүп турат. Бул нөөмөтчү жер-жерлеринде илинип коюлган, өзүнүн жумушчулары менен кезеги боюнча ташып турат.
Азыркы учурда элдердин айтуусу боюнча таштанды ташуучу техникалар иштебей жатат дегенине кандай карайсыз?
— Ошол машина алгыча көйгөй жаралган. Ошол машина алынгандан кийин көйгөй чечилген. Андан сырткары айыл тургундары таштандыларды сыртка алып коюп акчасын төлөбөй жатышат, үй курулашундагы таштандыны сыртка ташташып жатат. Кийин ошол таштандыны ишчилер кимдики экенин билбей калып жатат. Өздөрү моюнга албай өз учурунда акчасын төлөбөй жатат.
Бул акча түрүндө болобу?
— Ар бир үй-бүлө 30 сомдон төлөшү зарыл. Себеби бюджет кошумча ишчилерге айлык маянасы машинага иштеткени үчүн жетпей калат экен.
Биз мисалы таштандыны сыртка чыгарбай өзүбүз жеткирсек акча төлөбөйбүзбү?
— Элдер өздөрү жеткирсе төлөбөйт, эгерде ай сайын сыртка алып чыгып коюшса төлөш керек.
Даярдагандар: Гүлзара Бакир кызы, Кымбат Галдыбаева, Гүлзина Кылычбек кызы.
Сынак үчүн
МЖ