Учкун айылына көп күн жамгыр жааганына байланыштуу суу топтоло турган жерди кыян алып кеткен. Бакчаларды сугара турчу суу 600 түтүн айыл тургундарын камсыз кылат. Аталган суунун топтолчу жерин оңдоо үчүн болжол менен 100 миң сом каражат кетет.

Суу топтоло турган жер көп жылдан бери айыл тургундарынын күчү менен тосулуп келген. Ал жерди оңдоо үчүн каражат керек. Бирок андай каражат айыл өкмөтүндө жок экенин, ал эми тургундардан чогултулган каражаттар алыштарды оңдоо, суу бөлүштүрчү адамдардын айлыгына кете турганын билдирди айыл тургуну.
“Биз жаз келээри менен суу топтолчу жерди элдин күчү менен дамбалап, тосуп колдонуп келебиз. Быйыл болсо жамгыр көп жаап кыян тоскон тосмолорду жууп кетиптир. Бирок, бир сугатты өткөзүп алдык. Аны оңдоо үчүн каражат керек. А андай каражат биздин айыл өкмөтүндө жокко эсе”, — дейт Учкун айылынын башчысы Максат Кулмамбетов.
Ал эми элди чогултуу, алыштарды тазалоо суу башынын милдети. Суу башы Темиркан Болотбеков көп жылдан бери иштеп келет. Ар бир жылы жаз айында тосмону эл менен бирге тосот. Ал эми анан айтымында тосмону оңдотууга 100 миң сомдой каражат кетет.
“Мен суу башы болгондон баштап эле ушул көйгөй бар бочу. Ар жылы жазында мүшөк, каптарды алып тосмону тособуз. Жылда жакшы эле болчу. Быйыл болсо жаан көп жаап, кыян тосмону агызып кетти. Аны оңдош үчүн 100 миң сом кетет го. Ошол боюнча долбоор жазайын дегем. Эми жазабыз го”, — дейт суу башчысы.
Быйылкы тосмону жаз менен тоскондон улам эл бир сугаттан өткөн. Бирок айрым адамдар дагы деле айдоолорун бүтө элек. Же айдаган жер жемиштерин сугара албай убара болушууда.
“Бизге суу жетпегенден улам айрым адамдар айдоо айдай албай же болбосо жер жемиштерди сугара албай суу ташып, убара болуп жатабыз. Дагы жакшы жазында эрте алыштарды тазалап, тосмону тасконбуз. Ошол менен биринчи сугаттан өттүк”, — дейт Матан Жусупов.
Даярдаган: Темирлан Тоюнбек уулу
Редактор: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн