Аянова Гүлмира Кайыңды-Булак айылынын тургуну. Ата-бабанын жолун улап, жаа тартып, тайган агытып, куш салуу менен алектенип келет.

Кесиби фельдшер экендигине карабастан 2015-жылдын октябрь айынан бери машыгып, ар кандай иш-чараларга жигердүү катышып, намыс коргоп келе жатат.
Гүлмиранын мындай аракети ийгиликтерге жеткирүүдө. Ата-бабалардан калган өнөрдү өнөрдү өчүрбөй, улантып, кийинки муунга өткөрүп берүүнү максат кылган айым Нарын облусунда өткөн Салбуурунда 3-орун, Талас облусундагы Салбуурунда 2-орунга татыктуу болгон.
Кандайча бул мурасты аздектеп, өнөр улап калганын каарманыбыз мындай түшүндүрдү.
“Бул ыйык өнөр тайларыман калса керек. Анткени таятам Касмаалы учурунда мүнүшкөр адам болгон. Бүркүт таптап, тайган агытып, жокчулук заманда бири уруу журтту мүнүшкөрлүгү менен баккан экен. Таятамдын 1 уул, 3 кызы болгон. Уулу Касмаалы ата жолун жолдогону менен, анын жолун улаган уулдары болгон жок. Улуу өнөр тукум кууп, муундан-муунга өтөт дегендин чындыгы бар окшойт. Минтип тайларымдын жолун улап, жаа тартып калдым.
Кыргыздын кыраандарынын катарын толуктап турган мыктыларды берген касиеттүү Ак-Талаа жергесинде улуу мурасты аздектеген, өнөрдү улаган жаш улан-кыздардын жоктугу ойлондурбай койбойт.
Даярдаган: Г. Мамытбекова