Учкун айылына былтыр отургузулган 78 түп алма бак уурдалып жатат деген билдирүүлөр түшкөн. Айыл өкмөтүнүн айтымында аталган бакчадан бир да алма уурдалган эмес.
Учкун айылынын тургундарынын айтымында, былтыр отургузулган алмалардын көпчүлүгү уурдалып жатат. Ал эми былтыр паркка 78 түп алма, маданият үйүнүн тегерегине 30дан ашуун алма отургузулган.
Айыл тургуну Майрамбүбү Бокбаева алмалардын айрымдары өсүп, айрымдары куурап калганын, маданият үйүнүн жана парктагы айрым алма түптөрү ордунан суурулуп же казып кеткен сыяктуу бутагынан бер жок экенин белгиледи.
“Алма айдалганы жакшы. Бирок алардын айрымдары өспөй калыптыр. Мына маданият үйүнүн айланасына айдалган алма бактары түбү менен жок. Ал эми көпчүлүгү өсүп жатканын көрүп турабыз”, — дейт айыл тургуну Майрамбүбү.
Учкун айылынын башчысы Максат Кулмамбетов жалпы айдалган алма бактарынын баары өсүп жатканын жана уурдалды деген бир да учур катталбаганын белгиледи.

«Былтыр 78 түп алма айдалган. Быйыл баары тең эле өсүп жатат. Уурдалып жатат деген маалыматты уга элекмин, уурдалышы деле мүмкүн эмес. Себеби ошол жерде кароолчулар бар», — дейт Кулмамбетов.
Ал эми аталган бакчанын өсүүсү боюнча кароолчулардын бири Гүлсүнбүбү Жумагулова алма көчөттөрү уурдалып-уурдалбаганы боюнча мындай деди.

«Былтыркы айдалган 78 түп алмадан жарымы өсүп жатат. Уурдалган деле учурлар катталган жок. Ал эми өспөй калган алмалардын себеби, суу жетпей же көчөттөр начар болуп калган», — дейт.
Алма бактын тегерегин тосуу үчүн акча бөлүнүп, тор алынган. Ал эми кароолчулардан ошол жерде жашаган жети адам шайланган. Кароолчулар үчүн маяна төлөнбөйт. Ошондой болсо да былтыркы жылы ун, май менен камсыз болгонун белгилейт айыл башчы.
Даярдаган: Бүбүсина Нурбекова
Редактор: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн