Мектеп жамааты сунган ыр кесенин жообу кылып, “Таңгабийке-Бердике” бала бакчасы 31-майда чоң концерт беришти.
“Тарых жана маданият жылы” деп белгиленгенден баштап айылда ыр-кеселер бериле баштады. “Таңгабийке-Бердике” бала бакчасы 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата 31-майда айылдын Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүндө ыр-кесе майрамын өткөзүштү.


Концерт үч бөлүктөн түрду.
«Доктур эже» ырын хор менен аткарышты.

Жеке номерди Жылдызбек Адамалиев «Атама» ыры менен аткарды.
Биринчи бөлүктө тарбиялануучулар тарбиячы эжелери менен биргеликте өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Экинчи бөлүктө буга чейин атайын буйруктун негизинде «Тарых жана маданият» жылына карата уюштурулган өрөөндүк жана райондук сынакта мыкты деп табылган номурларын элге тартуулашты.
Номурлар: Манас, слайд, сценка, элдик ырлар болду. Сценкада Таттыбүбү Турсунбаева ойногон ролдордон кыскача кылып чагылдырып беришти. Тарбиячылар Таттыбүбүнүн ар бир ролун жашына жараша ар ким ойноду.
Кызыл алма.

Жантай чал Акмөөр менен жолуккан кези.

Уркуя бешик менен олтурган жери.

Үчүнчү бөлүктө бала бакчанын жамааты жана демөөрчү болгон жолдоштору менен биргеликте концерт беришти.


Нарын райондук билим берүү бөлүмунөн бала бакчаларды жетектөөчү адиси Роза Базарбаева төмөнкүлөргө токтолду.

«Нарын району боюнча 29 бала бакча бар. Анын ичинен 5 бала бакча эң мыктыларды толуктайт. «Таңгабийке — Бердике» бала бакчасы ошо бештин бири. Куланак айылы сыймыктанышы керек. Ыр-кесе болсо мыкты деңгээлде өттү», — деди Базарбаева.
Эмгекчил өрөөнүнүн Он-Арча айылынан мейман катары келген Кенже оюн мындайча айтты.

«Бүгүнкү майрамга абдан чоң энергия жумшалган экен. Мыкты деңгээлде өттү», — деди ал.
Аталган бала бакчанын жетекчиси Таалайкүл Токсобаеванын билдиришинче, мекемеде 100 бала тарбияланат жана 15 адам эмгектенет.
«75 бюджеттик негизде, 25 үч сааттык программа менен. «Тарыхый инсандарды даңазалап, тарбиялык иштерибизди жакшыртабыз» аттуу облустук деңгээлде жарыяланган сынактын өрөөндүк жана райондук жеңүүчүсүбүз. Балдар менен даярданга бир жарым ай убакыт сарпталды. Колдоо көрсөткөн ата-энелерге жана эмгек жамаатына ыраазычылык билгизем», — дейт бала бакча жетекчиси Токсобаева.

Даярдагандар: Дилде Шатан кызы, Айзат Түмөнбаева
Сынак үчүн