Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Өмүркүл Оторбаева кичине кезинен эле тигуүчүлүккө кызыгып азыркыга чейин улантууда. Кыздын себинен баштап фестивалдарга кие турган ар кандай көйнөктөрдү өз колу менен тигет.
Кол өнөрчү Оторбаевага коңшу айыл, райондордон да кардарлар келишип, кыздын септерин жана конок кийимдерине буйрутма беришет.

Анын жашы алтымышка чукулдап калса дагы тигүүчүлүк кесиби менен азыр да алектенип келет. Ар кандай көйнөктөрдү жана курактарды өзүнүн оюнан чыгарып жасайт. Кээде жетишпей жатканында кыздары менен биргеликте иштерин бүтүрүшөт.

“Мурун баары майдадан башталган, биринчи байкап көрүп ар кандай нерселерди тиге берээр элем. Акырындык менен мектеп окуучуларынын кечелерине ар кандай жаныбарлардын кийимдерин, кыздарга көйнөктөрдү тигип жүрдүм. Андан соң кыздарга сеп даярдап, жууркандарды, төшөк ар кандай майда оокаттарды тигип калдым”, — деди ал.

Кездемелерин Бишкеке шаарындагы “Мадина” базарынан алат.

“Мен бул ишимден такыр тажайбайм, мага жагат. Чарчабайм, ошондоуктан көп деле эс ала бербейм”, — дейт Оторбаева.
Келечектеги максаттары чет өлкөлөргө чыгып, товарларын өткөрүү.
Даярдаган: Аяна Максатбек кызы, Нуржамал Алманбет кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн