Нарын районуна караштуу Учкун айылында үч айдан бери таза суу чыга элек. Тургундар айылдагы жалгыз булактан суу алып келишүүдө.
Булак тоонун боорунан агып, сууга кире турган жол коркунучтуу болгондуктан , абайлап баспасаң кулап кетесиң.
Буга мисал болуп жакында эле булакка сууга барганымда, жашы 45-50 чамасындагы киши суусун алып чыгып келе жатып, челектери менен кошо жолдон кулап, ары тоголонуп кетти.
Барып кепке тартайын десем, интервью бергиси келген жок. Бирок “сууну чыгарышса жакшы болмок, абдан тажадым, айыл өкмөт жакшы иштебейт, ошол үчүн ушундай болуп жатат” деп жинденди.

Биз да кечке чейин булакта болуп, келген кишилерге “Учкун айылында таза суу толугу менен чыгыш үчүн кандай аракеттерди кылсак болот?» деген суроолорду узаттык.
Булакка жашы улгайганына карабастан сууга келген Алмагүл Качкынбаева: “Айыл өкмөт жакшы иштесе, тың болсо эле суу чыкмак. Мурун деле ошондой болуп келген, азыр суу толук чыгаарын ким билет?” деди.

Субан Оморов: “Эң биринчи ынтымак. Азыр ар ким өз жумушу менен эле алек болушуп, сууга деле убактылары жок. Биздин элдин жана жаштардын ынтымагы жоктугунан суу чыкпайт десек дагы болот. Себеби баары ынтымакка келип суунун акчасын болук төлөшсө, суу иштерине көбүрөөк маани беришсе. Карылар болбосо дагы жаштар ушул теманы көтөрүп чыгышса, же айыл өкмөт башка болуп шайланса жакшы болоор эле” деген жоопту айтты.

Нурлан Качкынбаев: “Эми азыр көбүнчөсү суу чыкпагандыгына байланыштуу акчаларын да толук беришпейт. Суунун толугу менен чыгарыш үчүн акчаны убагында төлөшүбүз керек. Колонкалардын ичтерин оңдошубуз керек. Негизи суу баардык колонкаларда чыкса абдан сонун болмок» деди.

Ишенбек Ажымүдүнов: «Биз суу чыгыш үчүн Алла Таалага зиярат кылып, андан оо кудай бизге суу бере көр деп тиленишибиз керек. Айыл өкмөт канча жылдан бери эле суунун түтүгүн кошуп келе жатат, бир жакшы суу чыкканын көрө элекмин» деп жооп узатты.

Камчы жеңишбек уулу: «Эми суу чыгыш үчүн жаштар аракет кылып, ушул теманы көтөрүп чыгышса жакшы болот го. Менин үйүм сууга абдан алыс, бирок айла жок келебиз» деди.

Айыл тургуну Перизат: «Суу биздин айылдагы эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп жатат. Айыл өкмөттү деле жакшы иштебей жатат деп айта албайм, бирок муну ал көзөмөлгө алса жакшы болмок. Атайын бир элден акча чогултуп, ички калонкаларды оңдош керек жана сууну тартып келсек эле суу чыгат» деген.

Арун Садыбакасов: «Биздин айылда таза суу толугу менен чыгыш үчүн айылдагы элдер насыяларын толук төлөп бүтүш керек жана ошондо акча чогулуп суу толугу менен чыгат» деген пикирин айтты.

«Мен айылда деле көп болбойм бирок, элдердин таза суудан кыйналып жатышкандарын көп жолу көрдүм. Айыл өкмөт жакшы иштеп жана элдерге аз болсо да акча жыйнап чыкпай жаткан колонкаларга ошол акчаларды жумшаш керек», — дейт үй-бүлөлүк дарыгер.
Даярдаган: Аяна Максатбек кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн