Бактыгул Акунов Ак-Талаа районунун Баетов айылынын жашоочусу. Бош убактысында кыргыздын улуттук аспабы комуз чабуу менен алектенет.
Өзү жасаган комуздардын айрымдарын сатса, жакындарына белекке да берет. Буйрутма менен жасаган учуру да болот.

Айтсаңыз, сизге бул өнөр кимден калган?
— Комуз чабуу өнөрү эч кимден калган эмес. Мен бул өнөрдү өзүмө келген талант го деп ойлойм да. Нурак Абдрахманов менин устатым болгон. Башында ал күү эле чертип жүрчү, андан кийин комуз чаба баштаганда мен кызыгып калып, мен да жасай баштадым. Үй-бүлөдө азырынча менден бөлөк эч ким бул иш менен алектенбейт. Балким, неберелеримден жасачулар чыгып калар.

Үй-бүлөөдө сизден башка дагы ким комуз чабат?
— Үй-бүлөдө азырынча менден бөлөк эч ким бул иш менен алектенбейт. Балким неберелеримден жасачулар чыгып калар.
Комуздарды кандай материалдардан материалдардан жасайсыз?
— Комуздарды негизи арча, карагай, өрүктөн, жаңгактардан, кара жыгачтан негизи катуу жыгачтан жасалат. Кээ бир материалдар колдо жок болуп калат. Курап да жасап калган күндөр болот.
Кайда сатасыз жана баасы канча?
— Баасы жасалышына, материалына карап коюлат. Негизи 3000 сомдон өйдө.
Бул жумуштун кандай кыйынчылыктары бар?
— Комуз жасоо оңой эмес, көп эмгекти талап кылат. Башка жумуштарым болгондо кыйналып калам. Өз ишиңди сүйүп жасасаң кыйынчылыгы деле болбойт деп ойлойм.
Буйрутма алып жасайсызбы?
— Ооба, бирок мен жаңы жасай баштагандыктан көп деле буйрутма ала элекмин.
Кайсы кесиптин ээсисиз?
— Мен өзүм дене тарбия мугалимимин, армиядан келгенден баштап пенсияга чыкканга чейин дене тарбиядан сабак берип иштедим. Учурда комуз жасоо менен алектенем. Ал эми комуз чапкан өзүнчө эле хоббим.
Даярдаган: Тажиева Аима
Тренер: Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн