Нарын районуна караштуу Учкун айылына биринчи жолу кичине балдар ойноочу батут коюлду. Ойноо үчүн бир мүнөтүнө бир сомдон алынат.
Батут Учкун айылына суук түшкөнгө чейин турат. Аны Тынчтык Мүдүнов 80 миң сомго сатып келгенин айтат. Учкун айылында туугандары болгондуктан, бул батутту алар иштетишет.

Батут келээри менен айыл тургундары кичине балдарын алып келишип, балдар батпай, кезеги менен кирип жатышты.

Батутту сатып келген Тынчтык Мүдүнов менен кыскача маек курдук. Ал кесиби боюнча фотограф.
«Батутту иштеткендер менин туугандарым болот, ошол үчүн сатып келдим. Түшкөн акчасын иштеткен жакындарым алат жана калганын мага беришет. Муну балдар ойноосу үчүн алып келдим. Биринчи жолу иштетип жаткандыктан кирешеси канча болот билбейм», — дейт ал.
Дээрлик айыл жергесинде мындай нерселер жок болгондуктан кичинекей бөбөктөр бир чети сүйүнүп, бир чети батутту көрбөгөндөр таң калып да жатышты.
Мүдүновдун айтымында, батутту айылга алып келүүнүн максаты — балдарга жагымдуу маанай тартууло жана аз да болсо үйлөрүндө жата бербей, алардын көңүлүн ачуу.
Мындай нерсеге кубанган балдар бакчасынын тарбиячысы өзүнүн сүйнүчүн биз менен бөлүшүп өттү.

«Биздин айылга ачылып жатканына абдан кубанып жатам. Эми балдарымды алып келип, ойнотуп кетип турам. Азыр менин балам мындайга биринчи ирет түшүп жаткандыктан абдан таң калып, көпкө чейин ойнобой, тегерегин карап жатты. Бул эле эмес мындай нерселер биздин айылга мындан да көп курулса жакшы болот эле», — дейт тарбиячы.

Батутка үч жашка чейинки бөбөктөр ойной алышат, алардын жашы кичине болгондуктан сүйүнүүдөн башка деле сөз сүйлөй алышкан жок. Бирок айрым жогорку класстын окуучулары «мындан чоң, биз дай ойногонго болгудай башкача нерселер келсе болмок» дешти.
Даярдаган: Акылай Сатыкеева, Гулкайыр Ишен кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн