Бишкек шаарында 19-сентябрь кунү “Куланак ынтымагы” клубу уюштурган марафон болуп өттү. Марафондун максаты — айылга футбол ойной турга аянтчаны куруп берүү.
Буга чейин куланактык жаштардын футбол ойноого аянтчасы жок экени жана эгер ойноп жатса да шарты жок жерде кандайча бош убакыттарын өткөрөөрү тууралуу жазган элек. Жаштардын тилегин орундатууга алгачкы кадамдар таштала баштады.
Атайын курултай өткөзүлүп, марафон башталды. Марафондун жүрүшүндө командалар түзүлүп, футбол да ойношту.
«Ага-инилерибизди ынтымакка чакырып “Куланак ынтымагы” клубу уюштурганбыз. Бүгүнкү күндү атайын белгилеп, шаарда турган Куланактын кулундарын чакырдык. Биздин максат — айылдын жаш муунуна кичи болсо футбол аянтчасын куруп берүү», – деп билдирди Улан Ажыбаев.
Келген коноктор колунан келген салымдарын кошуп жатышышты.
«Атайын комиссия түзүлгөн, түшкөн акчанын эсеп-кысабы жазылып жатат», — дейт клубдун мүчөсү Улан.
Кичи футбол аянтчасынын жалпы суммасы 10-20 миң доллардын тегереги болоорун Бакай Өмүралиев айтты.
«Бүгүнкү күндө 100 000 сомдон ашыкча акча каражаты чогулду. Келип салымын кошуп жаткан агаларыбызга, инилерибизге ыраазычылык билдиребиз. Бул марафон ушу менен токтоп калбайт. 2-чогулушту 17-октябрга белгилеп жатабыз. Анан дагы спонсорлор да табылып жатат. Буюрса декабрь айы менен аянтчаны бүтүрүп беребиз деп максат кылып жатабыз», — деди ал.
Автор: Бекназар Дөөлөт уулу
Редактор: Айзат Түмөнбаева