Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылына таза суу чыгарып берүүчү дамба курулууда. Курулуш иштери 13-сентябрдан бери уланууда.
Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктарбек Долдоевдин айтуусунда, дамбанын салынышына 500 миңден ашык акча сарпталып жатат. «Биз ӨКМге долбоор жазып, ошол долбоор аркылуу дамба курулуп жатат», — деп айтып өттү Долдоев.
Дамбанын курулушуна айыл тургундары тартылган. Элдин эмгек акысы ун жана май менен азык-түлүк праграмасы аркылуу берилет.
Автору: Хандамир Юсупали уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн
Телефондон жазылды