Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Карылар үйдүн куту” аттуу 7-б классы уюштурган кече болду. Кечеге мектеп жамааты жана ата энелер катышты.
Салтанаттуу кече окуучулардын жардамы менен уюштурулган.
«Бул класста неберем окуйт. Карылар күнүнө карата уюштурулган кечеге келгем. Мага абдан жакты» дейт Ырысбүбү Исмаилова.

Кеченин жүрүшүндө ырлар айтылып, сценкалар коюлду.

Калича Асыраева апа да мектепке келген.
«Мен ушул айылда төрөлүп ушул мектепте окудум. Атайын неберемдин өнөрүн көрөйүн деп келгемин. Класс жетекчиси Элмира Асаналиева дайым ата-энелерди унутпай чакырып турат. Класс жетекчисине ыраазычылык билдирем», — деп айтып өттү апа.
Кече аяктагандан кийин атайын чай уюштурулуп, карыларды дасторконго тартышты.
«Бүгүн атайын чакырганынан келгемин. Карылар күнүнө арналып жаткандыктан бүт эле чоң ата, чоң энелер келиппиз. Балдардын оюн зоогун көрдүк. Абдан ыраазымын. Балдарга ден соолук, окууларына ийгилик каалайм», — дейт Ишенбек Беков.

Мектептин уюштуруучусу Чынара Балтабаеванын айтымында, мындай кечелер октябрь айына чейин уланат. Атайын дубал газеталар уюштурулуп, сынактар жүрүүдө.

Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн