Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде музыка сабагынан берген Жумабек агайдын иштегенине быйыл 30 жылдан ашты. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жаш таланттарды даярдап келген.
Атап кетсек 2013-жылы Алмаз Эшбаевди вокал жанры боюнча даярдап, обулусттук кароо сынакта 1-орунду багындырып келген.
Ошондуктан таланттуу музыкант, талыкпаган эмгектин ээси Жумабек агай менен маек курдук.
Саламатсызбы! Сиз мектептепти аяктаганда кайсы окуу жайга тапшырдыңыз эле?

— Салматчылык. Мен ушул силер окуп жаткан Эшбай Токсобаев атындагы орто мектепте 10 жыл окугам. Мектепти аяктагандан кийин Бишкекетеги музыкалык училищага тапшырып, аккордеон классын аяктагам.
Сиз биринчи жолу өз өнөрүңүздү кайсы жерден байкап көргөнсүз?
— Мен 1-жолу өз эмгегимди Тогуз-Торо айылында 1973-жылы аккордеон чертип баштагам.

Сиз музыка сабагын берүүдөн башка дагы кайсы жерлерде иштегенсиз?
— Окууну окуп аяктагандан кийин 10 жыл театрда иштедим. Андан кийин ушу убакытка чейин мектепте окуучуларга музыка сабагынан берип келе жатам.
Кайсы аспаптарда ойногонду билесиз?
— Учурда ямахада, фортепианодо, комузда ойногонду билем.

Өзүңүз билген өнөрлөрүңүздү окуучуларга үйрөтүп жатасызбы?
— Мен өзүм окуучуларга болгон блимимди берүүгө аябагандай тырышам. Негизи мен сабак учурунда окуучуларга ырдаганды, ноталарды үйрөтүп жатам. Бул сабактан тышкары кружоктор бар, ал жерден мен кызыккан окуучуларга кыргыздын жана башка улуттардын аспаптарында ойногонду үйрөтөм.

Өзүңүз кайсы аспапка кызыгасыз?
— Мен негизи кыргыздардын аспаптарына кызыгам. Бирок, азыр комузда ойной алам. Башка дагы көптөгөн аспаптарды ушу жашка келсем деле үйрөнгүм келет, бирок кол бошобойт.
Быйыл мектепке иштегениңизге канча жылдын жүзү болду?
— Мен музыка сабагынан берип келгениме быйыл 30 жылдан ашты десем болот.

Ушу 30 жыл аралыгында кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
— Мен атайын Алмаз Эшбаев деген окуучуну вокал жанры боюнча «Жаш талантка» даярдап, облустан 1-орунду камсыз кылганбыз. Былтыр болсо Майрам Төрөгелди кызы менен Алмазды өрөөндүк «Жаш талантка» алып барганда Майрам 3-орунду ал эми Алмаз 1-орунду камсыз кылышкан.
Даярдаган: Изольда Жыргалбекова, Жолдошбек кызы Наргиза.
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.
Сынак үчүн