Учкун айылынын тургуну Жаркын Шабданова жана анын жолдошу Амантур Баймурзаев учурда каз, көгүчкөндөрдү бакканга кызыгышат. Көгүчкөн, каздардын пайдасын көргөнү менен жаман жактары да бар дешет алар.
Аталган каздардын майлары ден соолукка пайдалуу болгондуктан Амантур байке ушу кезге чейин бакканын айтат.

Бул туурасында жубайы Жаркын эже көгүчкөндөрдүн жумурткасы сөзсүз турдө бирөө эрекек, экинчиси ургаачы балапан болот дейт.

«Биз ушул каз менен көгүчкөндөрдүн пайдалуу жактарын билип, анан алып келип багып жатабыз. Каздардын майлары дары катары пайдаланыт. Мен 2-3 күн мурун бөйрөгүм ооругандыктан каздын майын пайдалангам, жыйынтыгы жакшы экен. Көгүчкөндөрдү болсо кээ бир кызыккан адамдар болсо сатабыз. Азырынча каздан 14, ал эми көгүчкөндөн экөө», — дейт Шабданова.
Бул каздардын коңшуларына жакпаган сапаттары да бар. Ал туурасында кошунасы Бүкеш эже мындайча баяндады.

«Каздар күнү-түнү оттоп, үндөрүн чыгарып, ары-бери басып жүрө беришет. Бирок, алар көп деле тоскоол кылбайт. Ар бир адамдын жаман жагы дагы, жакшы жагы дагы бар болот эмеспи. Ошондуктан менин кошунам каз, көгүчкөндөрдү багышына каршы эмесмин», — дейт Букеш эже.

Бул көгүчкөндөр менен каздарды багууну жолдошу Амантур байке сунуштаганын айтат.

Аманттур Баймурзаев көгүчкөндөрдү багууга өзү кызыгып багып калган.
Даярдаган: Гүлзар Казиева, Самара Токтосунова
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.
Сынак үчүн