Ак-Талаа районунун Терек айылында 75 орундуу жаңы бала бакча салынып, 25-октябрда колдонууга берилет. Аталган бала бакча Жерүй долбоорунун негизинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында курула башталган.
Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Казиевге курулуш иштери боюнча бир нече суроолор менен кайрылдык.

Бала бакча канча каражатка салынды?
— Жалпысынан курулушка 28 миллион сом сарпталды. Айыл өкмөттүн бюджетинен ички инвентарына 20 миң сом бөлүндү.

Бир баланын акы төлөмү канчаны сомду түзөт?
— Тамак-аш үчүн ата-эне тарабынан айына 250 сом төлөнсө, мамлекет тарабынан 250 сом берилет.

Терек айылын тургундарынын көз караштары кандай?
— Жакшы көз карашта деп ойлойм. Эски башкы план боюнча бала бакчанын орду ошол жерге көрсөтүлгөн экен. Көп жылдан бери эл ал жерди огород кылып пайдаланып жүргөн экен. Анан бул курулушту туура түшүнүп, өз огороддорун бөлүп беришти.
Бул бала бакчанын эски бала бакчадан эмне айырмасы бар?

— Биздин мурунку бала бакчабызда шарты жок, балдар тар, суук жерде тарбияланчу. 40 орундуу болгон. Азыркы салынып жаткан бала бакча бардык шарттары менен болот.
Даярдаган: Айчолпон Касымалиева, Адина Айылчиева