Баетов айыл өкмөтү тарабынан 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата 70 жаштан жогору 200гө жакын адамдарга сый тамак берилди.
Жыл сайын өткөрүлүүчү иш чарага акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков жана айылдык кеңештин төрагасы Курманбек Абакиров катышып, карыларды майрамы менен куттукташты.


Сый тамак үстүндө карыларга арналып чакан концерттик программалар тартууланды.
Даярдаган: К. Кубанычбекова