Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы эң ири Ала-Буга даряасына узундугу 20 метрлик темир көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.
Чолок-Кайың, Жерге-Тал жана Коңорчок айылдарындагы мал-жандыктарды Арпа жайлоосуна алып барууга ылайыкталган көпүрө Ала-Буга дарыясынын Ботокей жана Миң-Бугу чөлкөмдөрүн байланыштырат.

Көпүрөнүн курулушуна «CAMP Ала-Тоо» уюму тарабынан 550 миң сомдук темир материалдар алынып, курулуш иштерин жергеликтүү тургундар өздөрү жүргүзгөн.
Андан сырткары, Чолок-Кайың айылынан чыккан жеке ишкер Азамат Мурзалиев үч тонна цемент жана 140 миң сом каражат берип демөөрчүлүк кылган. Мындан тышкары, көпүрөнүн эки жээгин бекемдөө максатында кошумча дагы 13 метрлик көпүрө курулган.

Көпүрөнүн чылыш аземине Чолок-Кайың айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Үчүгөнөва баш болгон бир катар жергиликтүү тургундар жана аталган уюмдун өкүлдөрү катышты.
Даярдаган: Г. Мамытбекова