Дүйнөнү дүнгөрөткөн Ташчайнар учурда Бакай-Ата районундагы мектепти кыдырып, өнөрүн тарттуулап жүрөт. Муну менен ал окуучуларды жашоодогу терс көрүнүштөрдөн алыстаткысы келет.
Ошону менен бирге өзүнө окшогон өнөрлүү балдарды шакирт кылып, эл алдына чыгарууну максат кылууда.
Жашоодогу кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алгыңыз келет?
— Негизги максаттым — мектеп балдарын туура кесипти тандап, окууга карата кызыгууну пайда кылуу. Мисалы мурун биздин убакта «ким болосуң?» деп сураса «врач болом» же мугалим, учкуч жана башка ушул сыяктууларды айтчуубуз. Азыр балдардан «ким болосуң?» деп сурасаң үч нерсени көбүрөөк угасың, «депутат, министр, президент болом» дейт. Ал эми экинчи максатым — бул өзүмө шакирт чогултуу. Өзүнүн өзгөчө өнөрү бар, бирок элге тартуулаганга мүмкүнчүлүгү жок балдарыбыз эл арасында кездешет, ошолорду чогултуп, дүйнөнү таң калтыруу.

Учурда канча шакиртиңиз бар жана алар кандай ийгиликтерди жаратууда?
— Бүгүнкү күндө 16 шакиртим бар, алардын улуусу 50 жашта болсо кичүүсү 7 жашта. Ал эми ийгиликтерин айтып өтсөм: 7 жаштагы шакиртим бир мүнөттө тынбастан 110 жолу отжимание жазаса, 1 саат тынбастан 2100 отжимание жасап 130 мамлекетти таң калтырып, дүйнөлүк рекордду жаратты. Ал эми 50 жаштагы шакиртим өз аты Халил “Токчайнар” деген каймана ат менен эл алдына чыгып келе жатат. Дагы бир шакиртим ал “Мыкчайнар” өзүнүн ысымы Сапар. Бул эки шакиртимдин каймана ысымдарында айтылгандай эле, элге ток жана мык менен өнөрлөрүн көргөзүшөт. Азыр экөө тең Кытайда өздөрүн сынашып жүргөн убагы.
Эми өзүңүздүн жеке жашооңузга жана өнөрүңүзгө токтолсок, сиз үй бүлөдө канча бир туугансыз жана канчанчысы, канча балаңыз бар. Ал эми ушул өнөрдү кайсы жылдан бери эл алдында тарттуулап келе жатасыз жана ушул касиетке кандайча ээ болуп калдыңыз эле?
— Мен үй бүлөдө төрт бир туугандын уулусумун. Өзүмдүн дагы төрт балам бар, эки уул эки кыз. Өнөрүм боюнча айта кетсем, бул өнөрдү эл алдына 2012-жылдан бери алып чыгып келе жатам. Бул касиетке 2011-жылы түш көрүп, түшүмдө Кыдыр, Манас жана Бакай аталарды көрүп, аян алгам. Эртеси күнү эле 5-майда Талас шаарындагы сейил багынан авто унаа сүйрөгөм.

Ушул өнөрүңүз менен канча мамлекетти кыдырып келдиңиз?
— Кыдырган мамлекеттерим болжол менен онго жакын жана азыр да чакыруулар келип жатат Германия жана Англия мамлекеттерине.
Учурда кандай ийгиликтердин ээси болууга жетиштиңиз?
— Айта кетсем Москва шаарында болуп өткөн таланттуулар таймашына катышуучу, Украинада өткөн «Минута Славы» теле шоусунун финалисти. Кыргыз Республикасынында өткөн өзгөчө таланттуулар таймашынын жеңүүчүсү. Ал эми Чеченстан мамлекетинин дүйнөдөгү эң күчтүү адам деген номинациясынын ээси.

Азыркы мезгилде өнөрүңүздүн канча түрү бар?
— Жалпысынан алганда 30дан ашун өнөрүмдү элге тартуулап келе жатам, дагы өнөрлөрдү кошууну да пландаштырып жатам.
Жантаева Жайнагүл
Сынак үчүн
С.Үсөн