Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында 5-октябрь күнү кезектеги көчө аралык ыр кесе салтанаты болуп өттү. Ыр кесе “Тарых жана маданият” жылына жана 1-октябрь карылар күнүнө карата өткөрүлдү.
Бүгүнкү ыр кеседе Сагынов Абдыкадыр жана Кадыров Боронбай атындагы көчөлөрдүн жашоочулары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ыр кесе тууралуу айыл тургуну Асейин Түлөбердиев “Сагипа Чечейбаева атындагы маданият үйүндө жакшы саамалык болуп жатат. Бул көчөлөрдүн ыр кесеси көрүүчүлөргө абдан жакты деп ойлойм» деп билдирди.

“Бүгүнкү ыр кесе майрамы абдан жакшы маанайда өтүп жатат. Менин оюмча биз бул саамалык менен кубанычтуу, көңүлдүү маанай тартууладык деп ойлойм. Биздин айылда мындай саамалыктар көп болушун каалар элем”, — дейт ыр кесенин катышуучусу Калмира Исмаилова.

Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучусу жана маданият үйүнүн башчысы Гүлнара Сулайманова буларга токтолду.
“Мындан мурун сегиз көчө аралык ыр кесе болгон, ал эми бул акыркысы. Биз бул иш чараны 2015-жылы баштаганбыз. Ошентип, биздин айылдын баардык көчөнүн жашоочулары ыр кеселерин бүтүрүштү, ал эми биз болсо жыйынтыгын чыгарып 1-орунга 10 миң сом акчалай байгебизди тапшырабыз.”
Белгилей кетсек 2015-жылы “Улуттук экономиканы чындоо” жылына карата “Аалы ата” көчөсү демилге көтөрүп айылыбызда көчөлөр аралык ыр кесе уюштурулган, ошондон бери тогуз ыр кесе болуп бүгүн акыркысы болуп жатат.
Даярдаган: Аман Шаршенбек уулу, Нуриза Аскарбек кызы.