Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 922 мугалим эмгектенет. Үстүбүздөгү жылдын октярь айынан баштап билим берүү тармагында иштеген бардык кызматкерлер аттестациядан өтө башташат.
Учурда райондогу ар бир мектепте аттестациялык комиссиялар түзулүүдө. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б. Чиркеевге суроолор менен кайрылдык.

Мугалимдер акыркы жолу качан аттестациядан өтүшкөн?
— Ак-Талаа району боюнча жалпы мугалимдер 2008-жылы акыркы ирет аттестациядан өтүшкөн. Аттестациялоо боюнча айтканда, азыр окуучуларга берип аткан билим берүү сапатын жогорулатууга, жакшыртууга байланыштуу болуп атат. Ошол себептен мугалимдерди аттестациялоодон өткөрүшкө зарылчылыгы келип чыгып атат.
Бул иш-аракет мурда аттестациядан өтүп, ар кандай категорияга ээ болгон мугалимдердин укугун тебелөөгө жатпайбы?
— Буга чейинки чындыгында аттестациялоодон өтүп биринчи, экинчи жана жогорку категориялардагы мугалимдер бар болчу. Бирок мугалимдердин эмгек акысын көбөйтүү боюнча 2013-жылдары жаңы тарификациялар киргизилген кезден баштап категориялар жоюлуп калган. Өткөндө дагы мугалимдерди биринчи, экинчи жана жогорку категорияларды алышат. Аттестациядан өтпөй калган мугалимдер болсо, жумушунан бошотуп же болбосо башка бир чара колдонолу, коркутуп үркүтүү деген жок. Мугалимдер аттестациядан өтпөй калса ал мугалимди кайра 1-жылдан кийин атесстациялоодон өткөзүү же болбосо ошол мугалимдин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарга жиберүү максат болуп атат бул жерде.
Быйыл мугалимдердин канча пайызы өтүүгө тийиш?
— Эми бул облус, райондор боюнча ар бир районго 25 пайыздан льгота берилген. Анан азыр өздөрүнүн арызы менен аттестациялоодон өтөбүз деп кайрылган мугалимдердин саны тактала элек.
Даярдаган: Эркинбек кызы Нуркыз, Тынчтыкбек кызы Гулнур.
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн