Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Арзибекович Исмаилов өзүнүн кичи мекени болгон Сүлүктү шаарынын Бакыбек айылына көпүрө куруп берди.
Окуя болгон жерден Каныбек Арзибекович менен жолукканыбызда төмөнкүдөй маалымат берди:

«Бул копурону ушул Бакыбек айылынын тургундарынын суранычы менен мен 2009-жылы эле куруп бергем. Ал учурда мен жеке ишкер болуп, озумдун ишканамды жетектеп жургом. Ошол учурда шартка жараша копуро чакан курулган. Быйыл 2016-жылдын июль айындагы катуу селде копуронун конструктивдуу болугу жараксыз абалга келип калып, автоунаа каттамы дээрлик токтоп калды. Жергиликтуу тургундардын суранычы боюнча копурону кайрадан чон кылып, суу откоруучу мумкунчулугун да, жук которуучу мумкунчулугун да чонойтуп курдурдум. Албетте коомчулуктун да ашар жолу менен жана материалдык жардамы болду. Коп тукурсо кол болот дейт элибизде. Мына коптоп комоктоп кайрадан копурону куруп азыр колдонуп баштадык. Эн негизгиси элибиздин керегине жараса болду, мен жасаган кайрымдуулук иштерди бир Жараткан Алланын ыраазычылыгы учун деп жасаймын»- деп маек берди Депутаттардын Сулукту шаардык Кенешинин торагасы К. Исмаилов.

Копуродон отуп жаткан аксакалдан маек алдык: «Мен Абдуллаев Эрали, коп жыл ушул айылда айыл башчы болуп иштедим. Эми, биз Каныбек уулубуз менен чын дилден сыймыктанабыз. Копуро курганына чоон ыракмат. Андан сырткары, бир канча жылдан бери айылыбыздагы мага окшогон карыларга дайыма бекер комур менен жардам берип келе жатат. Омуру узун болсун. Мамлекетти эле карап отура бербей, бардык эле жетекчилер оздорунун туулган жерлерине ушинтип жардам колун сунса, эл да мумкунчулугуно жараша жардамга келип, бат эле онугуп кетебиз. Каныбек уулума дагы бир ирет ыракмат»— дейт Бакыбек айылынын кадырлуу аксакалдарынын бири, мурдагы айыл башчысы Эрали Абдуллаев
Кабарчы: Анварбек Тухтаров