Токтогул районунун Чоң Арык айылындагы Коргол мектебинин ашканасына жаңы кол жуугучтар коюлуп, суу жылыткыч орнотулду.
Мөлтүр Мураталиева мектептин ашканасында он жылдан бери иштеп келе жаткандыгын айтат.

“Биздин бул ашканада иштегенибизге көп убакыттын жүзү болду. Негизи ашканада бир күн кечке иштөө жеңилдикке турбайт, оор болот. Күнүнө биздин ашканада 310 окуучу тамактанышат. Аларды тамактандыруу толугу менен биздин милдетибиз. Ашкананын абалы начар болчу, жакындан бери жакшы болуп, биз үчүн да окуучулар үчүнда жакшы болуп калды”, — деди ашкана кызматкери.
Мектептин окуучусу Самара Масалбекова “ашкананын оңдоп берип жаткан агайларга чоң рахмат айтам” деди.
Ашкананы оңдоп жаткан усталардын бири Ринат Уранбеков көп убакыттан бери иштебей турган жерди кайра оңдоо боюнча буларга токтолду.

“Эски абалындагы көп нерселер иштебейт экен. Канализациялары иштебей, түтүктөргө таштанды толуп калыптыр. Иштеткенге такыр болбой калган экен. Эми оңдолуп, жаңы кол жуугучтарды койдук, ысык суу, муздак суусу менен. Негизинен көптөгөн кыйынчылыктарды жаратты. Эми ушул жаңы нерселердин баары мектепке көп пайдасын тийгизет деген ишеничтемин”, — деди Уранбеков.

Мектеп ашканасын оңдоп түзөө мамлекеттин каражатына жүргүзүлгөн.
Даярдаган: Нурпери Кубанычбекова, Нуриза Сыргабай кызы.
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн