Жусупказы Ибраимканов Баетов айылынын тургуну. Жашы 90го чыгып калса да баскан турганы тың. Учурда уул-келинин колунда, неберелерине акыл-насаатын айтып, кеп-кеңеш берип турат.
Айылдагы кадыр-барктуу аксакалдардын бири. Жаш кезинде көп жерлерде иштеген атага барганыбызда буларды айтып берди.

— Мурда кичинекей чагымда атам мергенчи киши эле, ошонун капкан, мылтыгын алабыз дешкенинен, мен болбой коюп ал жумушту өз мойнума алып, 1942-жылдан тарта иштей баштадым. Улуу Ата Мекендик согуш убагында тылда эмгектенгем. Согуштан кийин чабан болуп, бир топ жыл счётчик, доктурга жардамчы, кийин газга жана редакцияга иштедим. Менин жаш кезим согуш мезгилине туш келип, күн-түн дебей талаада ээгин оруп, сугат сугарып, оор учурду баштан өткөрдүк.
90-жашка чыккан Жусупказы ата 4 уул, 4 кызды таттыктуу тарбиялап, билимдүү кылган. Карыя жакында ”Кыргыз Республикасынын Ардактуу Аксакалы” наамын алган. Баетов айыл өкмөтү тарабынан саат менен сыйланган.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Тренер: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн