Ак-Талаа районунун Терек айылында жаңы спорт залдын курулушу каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп калды. Спорт зал 2015-жылы мамлекеттик бюджетке киргизилген болчу.
Бул салынып жаткан спорт залдын 2017-жылда толук ишке берилерин Терек айыл өкмөт башчысы Улан Казиев айтты.

— Жалпы проекттин наркы 20 миллионду түзөт. Быйыл үч жарым миллион бөлүнүп келип, бетон иштери бүттү, кладкасын алып келип такап койгонбуз. Учурда каражат жок болгондуктан иш убактылуу токтоп турат. Каржы министрине кат жөнөткөндө 11 айдын жыйнтыгы менен үнөмдөлгөн акчалар болсо, бөлүп беребиз деген маалымат алдык. Бул курулуш буюрса 2017-жылы толук ишке берилет деп турабыз. Бул спорт зал типтүү, 12-24 размериндеги стандарт, жабык болот. Универсалдуу спорт зал деп турабыз. Бул спорт залда волейбол, баскетбол, кичи футбол, күрөш менен машыгып, дагы спорттук кружокторду өткөнгө ылайыктуу болот. Бул спорт зал бүткөндөн кийин муниципалдык объект болуп, айыл өкмөт балансында турат.

Учурда Терек айыл аймагында бир да спорт зал жок.
Даярдагандар: Айчолпон Касымалиева, Адина Айылчиева