Учурда ич өткөк оорусу — жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Бул оору боюнча Баетов айылынын райондук ооруканасынын терапия бөлүмүнүн балдар дарыгери Жыргал Алашова менен маек курдук.
— Ич өткөк оорусу бала көп кыжырданып, стресске кабылса козголушу мүмкүн жана туура эмес тамактануудан, суук тийгенден, организмге жакпай калган дары-дармектерден да болушу мүмкүн. Бул коркунучтуу оору. Эгерде балаңыз ич өткөк оорусуна кабылса көпчүлук учурда кусуп жана дене табы көтөрүлүп, жүрөгү айланып, кускусу келе баштайт. Мындай учурда балага тамак бербей жалаң гана суу берип турганы жакшы. Кээ бир учурда заңы суюлгандан да жашыл тартып көбүктөнуп ачуу, жагымсыз жыттанып ичи оорушу мумкүн. Ал эми оору күчөй берсе даарыгерлерге кайрылуу зарыл. Туура эмес тамактануудан да жаш балдардын ичи өтүшү мүмкүн. Эгерде эмчектеги баланын ичи ооруса, аны көбүрөөк эмизүү керек. Ичи өткөн балага кургатылган жемиштерден жасалган компот жана анар пайдалуу. Бул ооруну үй шартында алдын алуу да жолдору бар. Ал үчүн биринчиден, тазалык жана тамак алдында колду жууп, дааратканадан келгенден кийин да колду жууш керек. Экинчиден, жер-жемишти тазалап, жууп жеш керек. Үчүнчүдөн, сүт азыктарын жана сууну кайнатып ичүү керек.
Даярдаган: Назими Тынычбекова
Редактор: Эльнура Тажиева
Сынак үчүн