“Келечекке бирге барабыз” аттуу марафон 2-октябрь күнү болуп өттү. Марафондун максаты эмне болгондугун билүү үчүн биз катышуучулар менен маек курдук.
Буга чейин куланактык жаштардын футбол ойноого аянтчасы жок экени жана эгер ойноп жатса да шарты жок жерде кандайча бош убакыттарын өткөрөөрү тууралуу жазган элек. Жаштардын тилегин орундатууга алгачкы кадамдар таштала баштады.
Нарын районуна караштуу Куланак айыл өкмөтүнүн башчысы Абай Калдарбек уулу футбол аянтчасы элдин күчү менен курулаарын айтты.
“Буга бирден бир чоң салымын кошкон Канатбек Муратбеков агабыз. Бул киши алдына салына турган 15000 $ (он беш миң долларлык) ковролин алып бергени жатат. Анан марафондон чогулган акчага сеткасын тургузуп, түздөөчү жерин жасасак дегенбиз», — деп билдирди Калдарбек уулу.

Алар футбол аянтчасына жалпы керектелчү сумманы эсептеп чыгышкан — 400 миңдин тегерегиндеги сумма. Бишкек шаарында да буга чейин ушундай марафон өтүп, жаштардын демилгеси менен 100 миң миң сом чогулган.
«Азыр болсо өзүбүздүн айылыбызда өткөрүп жатабыз. Марафонду өткөрүп бүткөндөн кийин материалга кетебиз. Буюрса 10-20-октябрларда баштайбыз. Бул эми башталышы гана, мындан да көп саамалыктарды өткөрөлү деп жатабыз”, — деп кошумчалады айыл өкмөт башчысы Абай Калдарбек уулу.


Куланак айылындагы Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүнүн директору Ааза Тилекматова “өздүк салым керек болуп марафон уюштурдук, 100гө жакын киши келди, алдыда көп нерсени кылчу максаттарыбыз бар” деп билдирди.

“Буюрса марафон жакшы өтүп жатат. Марафондун максаты — айылыбызга кичи футбол аянтчасын куруу, жаштардын ден соолугун чыңдоо. Бул марафон саат 6:00га чейин уланат. Мындан дагы көптөгөн ой-максаттарыбызды ишке ашыралы деп жатабыз”, — дейт комиссия мүчөсү Стам Ишенбек уулу.

Марафон кечки саат 6:00га чейин уланып, айыл тургундары өз салымдарын кошушту.

Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн