Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты карыларды майрамы менен куттуктап, аш-чара уюштурушту. Иш-чарага келген карылар менен маек куруп келдик.
Карылар күнүн куттуктап, айыл өкмөт коллективи 65 жаштан жогорку карыларды сыйлап, майрам тартуулады.


Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары өз концертин тартуулашты.
«Максатыбыз — карыларды сыйлоо жана урматтоо. Ар бир майрам сайын ушундай мааракелер болот, майрам болгон сайын куттуктап турабыз”, — дейт уюштуруу тобунун мүчөсү Акин эже.

Карыялар күнүнө арналган кече мурдагы жылдарга караганда сапаты жагынан өзгөчөлөнгөнүн айтат Куланак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрөгасы Тезекбай Шаршенбеков.

«Мурда 10-15 киши чакырылып үйлөрдөн тосуп өткөрүшчү. Быйыл болсо жыйналыш өтүп, өткөн-кеткенди кеп кылып, аябай жакшы өттү. Мага абдан жакты, толкундануу менен кабыл алдым. Мындан кийин да жакшы кечелер болуп турат деп ишенем”, — дейт Шаршенбеков.

Шаршенбеков ата карыларга арнап чыгарган ырын окуп берди.

«Майрам жакшы өттү, баардыгына чоң рахмат. Майрамыбыз майрамга уланып, дайыма сыйдын үстүндө жүрөлү. Сыйлаган жаштар аман болушсун. Бүгүн аябай кубанып, толкунданып жатам. Бизге аябай жакты, бул жылда кайталанчу нерсе эмес, аябай жакшы болду. Ушундай иш-чаралар уланып турсун, иш-чараны уюштурган жаштар бар болушсун”, — дейт айыл тургуну Сыдыкова Жаңыл апа.

Чакыргандарына карылар ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын беришти.

Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн