Асылбеков Мавлян — элдик дарыгер. 1994-жылдан тартып тамырчылык кесипти баштаган.
Асылбеков Мавлян — элдик дарыгер. 1994-жылдан тартып тамырчылык кесипти баштаган. Бул өнөр чоӊ энесинен калган. Айылда ысык-суук тамыр кармап келет. Тамырчы табып элдик дарыгерлер ассоциасынын аттестациясынан эӊ жогоркуу баа алган.
«Дары чөптөр медицина менен бирдей кетет. Айырмачылыгы медицинада кээ бир орууларды хирургдар кесип салышса, тамыр чөптөр аларды жок кылат. Тамыр чөптөр көп орууларга жардам берет. Ошондуктан дары тамыр чөптөрдү пайдаланууга сунуштайм», — дейт Мавлян Асылбеков.
Биздин ата-бабаларыбыздан калган тамырчылык менен дарыланганга тамырчыга Кыргызстандын булуӊ бурчунан келишет. Бул өнөрдү Казакстанга, Орусияга дагы таратып журөт. Дарыгердин айтуусу боюнча көп орууларга так диагноз коюлуп, дары чөптөр шыпасын берген.
«Дары чөптөрдү ичүү алдында адам баласы даяр болуп, саат сааты менен ичиш керек. Ар бир тамырды колдонууда өзгөчө диетаны кармоо зарыл, ошол менен жашаганда, ооруу денеден чыгып кетет», — деп айтты Асылбеков.
Көбунчө тамырчыга баласы жоктор, жүрөгү оругандар, салмагы төмөн болгондор ж.б. кайрылат. Кайрылгандардан дарыга кеткен каражатты гана алат.
«Ар бир дарылануучу айыгып кеткенде, сүйүнүп, кубанып турганда алла таалага ыразычылыгымды айтам. Жашоосунан үмүт үзгөн адамдар, сакайып экинчи жашоосу башталгандай сезишип, жаратылышка башкача көз караш менен карашат», — дейт Асылбеков.
Кызыл-Туу айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Айнагүл Тентимишова эл медициналык текшерүүдөн өтүшү керектигин айтат.
«Эгер бир оорулуу келсе, элдик дарыгерге бар деп айтпайм», — деп билдирди Тентимишова.
Даярдагандар: Сымбат Осмонова, Нуриза Кубатбек кызы, Анара Уметбекова.