Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде Мугалимдер күнүнө карата 4-октябрда концерт болуп өттү. Концертти «Ыр, бий» ийриминин катышуучулары коюп беришти.

Бул концертте окуучулар мугалимдерге арналган ырларын, макал-лакап, бий, көркөм окууларын айтып беришти. Мындан сырткары мугалимдерди тамашага салышып тамашоу, клип аткарышты.

Концерттин соңунда мектеп дироктору Гүлзат Сапарбек кызы окуучуларга ийгилик каалап, жалпы мектеп жамаатын мугалимдер майрамы менен куттуктады.

Мектеп мугалими Болдукыз Кудайбердиева быйыл жылдагыга караганда окуучулардын катышуусу жакшы болгонун айтат.
«Балдардын жигердүү болгону, кыздардын тамашоуго катышканы мага өзгөчө жакты. Мындан да жакшы кылып, ырдаганда жандуу үн менен ырдашса жакшы болмок», — деди ал.

Мугалим Айгүл Шералиева күтүлбөгөн жерден эртең мененки окуучулардын гүлдөр менен тосуп алганы мугалимдерге дем-күч, жакшы маанай тартуулаганын айтат.

«Мугалимдер күнүнө байланыштырып ийримдеги окуучулар мугалимдерге аябай сонун концерт коюп беришти. Бизге окуучулардын катышуусу, билими жакшы болсо эле ошол бизге майрам», — дейт Шералиева.

Мектеп маданият министри Айдана Таалайбек кызы бул концертке төрт күн даярданганын айтты. «Бирок аз даярдангандан улам кичине шашылыш болуп калды. Мындан да жакшы кылсак болмок», — дейт Айдана.

Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы